Нарынга Бишкектен алты троллейбус жеткирилди

Нарынга Бишкектен алты троллейбус жеткирилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Троллейбустар эки шаардын мэрияларынын кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүп берилди. Аларды пайдаланууга берүү иштери жүрүп жатат.

 

Буга чейин Ошко да бир нече троллейбус жөнөтүлгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.