Кыргызстанда эттин баасы турукташып баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, баалар ортомчулардын айынан көтөрүлгөн.
Буга байланыштуу Ветеринардык кызмат эт саткан дүкөндөрдү кыдырып, мониторинг жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин өткөрдү.