Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болушу күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.