ӨКМ Казакстанда жолдо калгандар үчүн куткаруучуларды жөнөттү

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү. Маалыматка ылайык, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган.

 

Аталган аймакта Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти да иштеп жатат.

 

Алдын ала маалыматка ылайык, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алматы-Ташкент жолунда кар күрткүсү пайда болуп, автоунаа жолу жабылган.