Каржы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

“Каржы министрлиги жарандарга акча табуу үчүн жаңы долбоор ачты” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мекемеден билдиришкендей, мындай билдирүүлөр социалдык тармактарда, ошондой эле мессенджерлерде тарап жатат.

 

Мындан улам мекеме алдамчылардан сак болууга жана ар кандай маалыматка ишенүүдөн мурда расмий булактардан текшерүүгө чакырат.