Кар көчкүдөн улам Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолу жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку автоунаа жолунун Тамчы тилкесинде көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол эки тараптан тең жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кабарлады.

 

Учурда жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн беш техника иштеп жатат.

 

Жабыркагандар жок.