Кыргызстанда 2023-жылы 6 миң 190 баш койду жасалма уруктандыруу аркылуу быйыл 6 миң 247 баш асыл тукум төл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, муну менен куудурулган койдун төлдүүлүгү 101%ды түздү. Анын ичинен:
- меринос уругунан 4650 төл алынып, 74,4%ды;
- арашан уругунан 972 баш төл алынып, 15,56%ды;
- тянь-шань уругундагы койдон 450 баш төл алынып, 7,3%ды;
- алай уругундагы койдон 202 баш төл алынып, 3,23%ды түздү.
Белгиленгендей, койлор белгилүү бир жыныстык өнөктүктө куудурулат. Ал сентябрь айынан декабрь айына чейин туура келет. Ал эми 2024-жылы койлордун куут өнөктүгүнө карап, жасалма уруктандыруу октябрь айынан башталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.