“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында фермер, дыйкандарга  3 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилет

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында фермер, дыйкандарга  3 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Аталган сумма былтыркыга салыштырмалуу  1 миллиард 600 миллион сомго аз. Ведомстводон белгилешкендей, бул жылы кредит берүү шарттары дагы өзгөрдү.

 

Каражат мамлекеттик банктардан гана берилип, мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категорияларына гана каралат. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө насыя берүү токтотулду.