Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 157 млрд сом керектелет

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 157 млрд сом керектелет. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, каражат айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ирригациялык объектилерди калыбына келтирүүгө, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукциясын экспорттоого жумшалат.