Ысык-Көлгө 500 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, салмагы 25-35 грамм болгон чабактар «Ысык-Көл плюс» айыл чарба кооперативинин инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.
Ошондой эле азыркы учурда Балык өнөр жай комплекси департаменти Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүн балыктандыруу жана балык запастарын көбөйтүү максатында иш алып барууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.