Жыл башынан бери өлкөдө суу майдын баасы орточо эсеп менен 13 сомго арзандады

Жыл башынан бери өлкөдө суу майдын баасы орточо эсеп менен 13 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Эгер өткөн жылдын аягында майдын бир литри 179 сомдон сатылып келсе, мартта баалар  166 сомго түштү.

 

Учурда эң кымбат май Кара-Сууда сатылууда – 191 сом, Нарында 188 сом.

 

Эң арзан баалар Балыкчыда 158 сом жана Бишкекте 161 сомдон.