Бишкекте дагы бир сквер курулууда

Бишкектин Свердлов районунун жашоочулары үчүн дагы бир сквер курулууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүндөгү сквердин Чүй проспектисинен темир жолго чейинки аралыгын жакшыртуу долбоору башталды.

 

Белгиленгендей, эми түстүү өсүмдүктөр, гүлдөр жана бак-дарактар мол болуп, айланадагы абанын сапаты жакшырат. Сквер заманбап отургучтар, таштанды челектери, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн жолдор менен камсыздалат.