Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын футзал курамаларынын беттеши өтөт

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Япония менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, оюн борбор калаадагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде саат 20:00дө башталат.

 

Эске салсак, Тайландда өткөн Азия кубогунун «С» тайпасындагы оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы ошол кездеги континенталдык чемпион Японияны 3-2 эсеби менен жеңген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.