Бразилиянын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде лидерлик позициясын сактап калды

Бразилиянын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде лидерлик позициясын сактап калды. Белгилеп кетүүчү нерсе – эгер Аргентина же Франция кошумча убакыттын ичинде жеңишке жетсе, автоматтык түрдө биринчи орунга чыкмак.

 

Бирок жеңүүчү пенальти сериясы менен аныкталгандыктан, Бразилия өз ордунда калды. Аргентина менен Франция бир позицияга көтөрүлүп, учурда экинчи жана үчүнчү орундарда жайгашат. Бельгия төртүнчүгө түшүп калса, Англия бешинчи орунда.

 

Эң мыкты көрсөткүч Марокко жана Австралия курамаларында. Эки команда тең дароо 11 тепкичке секирик жасады.