Лионель Месси Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын эң мыкты оюнчусу наамына ээ болду. 35 жаштагы футболчу турнирде 7 гол киргизип, 3 ассист жасаган. Аргентина курамасы үчүн чемпионат жемиштүү болду.
Мыкты дарбазачы наамы Аргентинанын голкипери Эмилиано Мартинеске тапшырылды. Дагы бир аргентиналык футболчу Энцо Фернандес эң мыкты жаш оюнчу деп аталды. 21 жаштагы оюнчу жакшы көрсөткүчтөр менен турнирди жыйынтыктады.