Кыргыз футбол союзу өлкө чемпионатынын оюндарына VAR системасын киргизүүнү пландап жатат

Кыргыз футбол союзу өлкө чемпионатынын оюндарына VAR системасын киргизүүнү пландап жатат. Уюмдан билдиришкендей, тиешелүү лицензия алуу үчүн ФИФАга өтүнүч жөнөтүлгөн.

 

Андан кийин системаны ишке киргизүү боюнча атайын адистер менен жыйын өткөн. Калыстар бөлүмү өлкөдө видео жардам системасын ишке киргизүү боюнча долбоорун этап-этабы менен ишке ашырат. Алгач жергиликтүү калыстар атайын окуудан өтөт.