Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 12 миң 500 “акылдуу” эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 12 миң 500 “акылдуу” эсептегич орнотулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан аймакта  55 миңден ашык абоненттин үйүндө жаңы приборлор пайда болду.

 

Бул жаатта иштер электр камсыздоо сапатын жакшыртуу жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу максатында жасалууда. “Акылдуу” эсептегичтер компанияларга аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгүн берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.