Быйыл 10 миң үй-бүлө 100 миң сомдон алды

Быйыл “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, бул үчүн бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

 

Ал эми өткөн жылы аталган долбоор аркылуу социалдык колдоого муктаж 2 миң 800 үй-бүлө 100 миң сомдон алган.

 

«Социалдык келишим» долбоору жарандарды жакырчылыктан чыгаруу, үй-бүлөнүн киреше булагын көбөйтүү максатында 2022-жылдан тарта иштей баштаган.