Чүйдүн Москва районунда жаңы технология менен мөмө-жемиштерди тоңдурган завод иштеп баштады.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, логистикалык кампага 4 миң тонна айыл чарба продукциясы батат.
Ишкерлер өлкө боюнча 1 миңден ашык фермерден жашылча-жемиш сатып алат. Заводду ачууга өнүктүрүү фонддорунун бири тарабынан 4 миллион доллар бөлүнгөн.