Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы 275 орундуу мектептин курулушу 70 пайызга аяктап калды.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Долбоор боюнча 3 блоктон турган эки кабаттуу окуу корпус, ашкана, китепкана, акты залы, өтмө галерея, спорт зал каралган.