Эртең, 5-октябрда Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилейт

Эртең, 5-октябрда Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилейт. Биздин өлкөдө окутуучу кесибин басымдуу учурда кыз-келиндер аркалайт.

 

Жалпы мугалимдердин 84 пайызын аялдар түзөт, анын 28 пайызы билим берүү мекемелеринин директору, орун басарлары болуп эмгектенет.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпысынан Кыргызстанда 82 миң мугалим бар, алардын үчтөн бир бөлүгү айыл жергесине туура келет.