Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет. Бул тууралуу Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, заманбап окуу жайлар Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Каракол шаарларында жана Ош, Чүй, Нарын облустарында пайда болот.

 

Ар бири 1 миң 200 окуучуга чакталган мектептердин курулушу 3 жылдан кийин аяктайт деп пландалууда.