Кыргызстанда 3 жылда 189 мектеп курулду

Кыргызстанда 3 жылда 189 мектеп курулду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, дагы 43 мектепте капиталдык оңдоо иштери аткарылган.

 

Андан тышкары, 4 билим берүү мекемесинде кошумча корпустар курулса, тогузунда жаңы спорт залдар пайда болду. Министрликтен кошумчалашкандай, өлкө эгемендүүлүгүнүн тарыхында алгачкы жолу бир жылда 123 мектеп колдонууга өткөн жылы берилди.