Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтүн аныктады. Алсак, шаардык кеңештер үчүн өнөктүк 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан башталат.
Үгүт компаниясы 16-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулушу керек. Шайлоонун жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат.
Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Добуш берүү Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле республиканын бардык аймактарында өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.