Кыргызстанда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстанда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Алымкадыр Бейшеналиев дайындалды. Мурдагы министр Гүлнара Баатырова эмгек министрлигинин убактылуу жетекчиси болду. Бул мекемени Кудайберген Базарбаев башкарып келаткан. Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул кызматка Талантбек Иманов дайындалды. Ал санарип өнүктүрүү министри болуп турган. Анын ордуна Нурия Кутнаева убактылуу жетекчи болуп бекиди. Ал буга чейин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттикти башкарган. Бул агенттикке Алмамбет Касымбеков келди. Ошондой эле билим берүү министри Каныбек Иманалиев милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Уланбек Усеков дайындалды.

 

Жаңы жетекчилерди бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу киргизилди.