Кыргызстанда бир нече министрге сөгүш берилди

Кыргызстанда бир катар министрлер тартиптик жаза алды. Президенттик администрациянын коллегиясында Санариптик өнүктүрүү министри биринчи орун басары менен бирге, Унаа жана жолдор министри, Маданият министри, Саламаттык сактоо, Экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлары, президенттин Ош облусундагы өкүлүнө сөгүш берилди.

 

Ал эми Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев эскертүү алды.

 

Мындан тышкары, президентке бир катар район башчыларын  кызматтан бошотуу сунушу берилет.