Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкчылар кайгуул милиция менен биргеликте айдоочуларды текшерип жатат.
Салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.