Санкциялардан улам Кыргызстанда “Мир” картасы 5-апрелден тарта иштебейт

“Мир” картасы Кыргызстанда 5-апрелден тарта иштебейт. Бул туурасында Банктар аралык процессинг борбору (“Элкарт” төлөм системасынын оператору) билдирди.
Февралдын соңунда АКШ Россиянын “Мир” (“Улуттук төлөм карталар системасы” АА) карталарынын операторуна санкция киргизген. Кыргызстанда экинчи санкцияларды салуу тобокелчилигин азайтуу үчүн өз ара кызматташууну жана тейлөөнү токтотуу чечими кабыл алынганы белгиленди.
5-апрелден кийин төмөнкү операциялар ишин токтотот: POS-терминал аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзүү жана банкоматтардан акча чыгарып алуу; Картадан картага акча которуу; электрондук коммерция — картадан соода-сервистик ишканалардын эсебине онлайн төлөм.