11-декабрдан тарта Бишкекте аба табы кескин сууктайт

11-декабрдан тарта Бишкекте аба табы кескин сууктайт. Синоптиктердин айтымында, күндүз -8 градуска чейин, ал эми түнкүсүн -15…20 градуска чейин суук болот.

 

Ордо калаа бийлиги жарандарды көмүрдү эртелеп камдап коюуга чакырат.

 

Учурда кара отун бардык көмүр базаларында жеткиликтүү. Жергиликтүү көмүр тоннасына 4 миң 700 сомдон, ал эми казакстандык отун 7 миң сомдон сатылууда. Жалпысынан Бишкекте 20дай көмүр базасы иштеп жатат.