Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай Баатыр тилкесин реконструкциялоо уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жеринде 300гө чукул атайын техника жана 520 жолчу иштеп жатат.
Учурда жер казуу, жасалма курулуштар боюнча иштер, коммуникацияларды жаңыртуу, асфальт-бетон заводун, бетон заводун монтаждоо, жол тротуарына жана асфальт-бетон аралашмасына материалдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү 2027-жылдын март айына туура келет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.