Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында. Унаа жана бжолдор министрлигинен билдиришкендей, жеринде учурда атайын техника иштеп, трассалар кардан тазаланып жатат.

 

Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.

 

Авариялык абал жаратпаш үчүн жол эрежесин так сактап, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо кажет.