Бишкек — Ош жолунда узундугу 460 метрге жеткен жаңы туннель курулду

Бишкек — Ош жолунда узундугу 460 метрге жеткен жаңы туннель курулду. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын 246-чакырымындагы көчкүдөн сактоочу галерея жарым-жартылай пайдаланууга берилип, унаалар өткөрүлүп баштады.

 

Объект бир айдын аралыгында толугу менен ачылат. Кар көчкүдөн коргоочу галереянын бийиктиги 8,5 метр, туурасы 10,5 метрди түзөт.

 

Курулушка 39 миллион долларды Япония өкмөтү гранттык макулдашуунун негизинде бөлүп берген.