Соцконтракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя бериле баштады

Кыргызстанда социалдык контракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя бериле баштады.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, кредит берүү эки мамлекеттик банк аркылуу ишке ашууда.

 

Маалыматка ылайык, учурга карата пайызсыз кредит Алай, Чаткал жана Кочкор районунун тургундарына берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.