Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык.

Жолчулар трассаларды кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат, — дешти Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан.

Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландаган айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү сунушталат.