Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Мэрия маалыматына ылайык, саат 10дон кечки 6га чейин Көлбаев көчөсүндө (Лермонтов көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейин), Аламүдүн-1 кичирайонунда, Куруучулар шаарчасында суу жок болот.

 

Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Калк жана уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусу зарыл.