Улуттук банк коллекциялык монеталардын эскизин иштеп чыгууга сынак жарыялады

Улуттук банк сүрөтчү-дизайнерлер арасында коллекциялык монеталардын эскизин иштеп чыгууга ачык сынак жарыялаганын кабарлады.
Эскиздер «Улуу Жеңишке — 80 жыл» жана «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна — 100 жыл» коллекциялык монеталарга жасалышы керек.
«Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана берилген темага шайкеш келүү, жогорку деңгээлде көркөм аткаруу, маданий жана эстетикалык ченемдерге жана жеке чыгармачылык критерийлерге туура келүүгө тийиш», — деп айтылат маалыматта.
Сынактын шарттары тууралуу маалыматты Улуттук банктын сайтынан алсаңыз болот.