Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт

Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, күбөлүктөгү “А” категориясына кошумча “А1” сыяктуу болуп кошулат.

 

Бул боюнча жумушчу топ иштеп жатат.

 

Ишке аша турган болсо, кыймылдаткычынын кубаты төмөн болгон мото транспортторго техникалык паспорт, номер бериле баштайт.  Белгилеп кетсек, 29-июндан тартып Кыргызстанда “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.