Кытайлык киши аэропорттун тамагын бир жыл бою акысыз жеп жүргөн

Чыгыш Кытайдагы авиакомпаниянын жүргүнчүсү биринчи класстагы билетти сатып алып, бирок аны эч качан учууга колдонгон эмес. Бир жыл бою ал аэропортко бекер тамактануу үчүн келип турган.

 

Амалкөй адам жүргүнчүлөр үчүн акысыз тамактанууга шарт түзгөн билет менен VIP зонага кирип, курсагын тойгуза тамактанган соң уча турган күнүн жылдырып салчу. Ал муну күн сайын кайталап, аэропортту ашкана катары 300 жолу колдонгон.

 

Аба майдандын кызматкерлери анын бул кылыгын байкап калганда, баары кеч болуп калган. Айлакер “саякатчы” билеттин акчасын толук төлөп, кайтарган соң изин жашырган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.