Иттер үчүн ачылган Римдеги ресторандын популярдуулугу артууда

Иттер үчүн ачылган Римдеги ресторандын популярдуулугу артууда. Анткени жаныбарлар бул жерде адамдар сыяктуу эле тамак тандоо укугуна ээ.

 

Анан да аларды эшиктин алдында шайыр кызматкерлер тосуп алып, орундарына чейин узатып барышат. Ар бир столдо ит себет жана атайын чөйчөк бар. Иттер жайгашкандан кийин официант келип, алгач идиштерге минералдык суу куюп берет.

 

Андан соң кожоюндары тамак тандоого көмөктөшөт.