Индияда дүйнөдөгү эң узун брауни жасалды

Индияда дүйнөдөгү эң узун брауни жасалды. Десерттин узундугу 223 метрди түздү. Аны жасоо бир күнгө созулса, таттуу жасала турган жайды даярдоо 10 күнгө чукул убакытты алды.

 

Брауни эрип, бузулуп кетпеши үчүн абанын температурасы жетишерлик төмөн болушун камсыз кылуу керек болчу.

 

Өз кезегинде Гиннес рекорддор китебинин калыстары наабайчылардын аракетин жогору баалашты.