Индияда мамлекеттин аталышын өзгөртүү сунушталды

Индияда мамлекеттин аталышын өзгөртүү сунушталды. Өкмөт парламенттин добуш берүүсүнө өлкөнү анын салттуу аталышы Бхарат деп өзгөртүүнү чыгарат. The Economic Times басылмасы жазгандай, G20 саммитинин алкагында документтерге Индия президенти эмес, Бхарат башчысы деп кол койду.

 

Белгилеп кетсек, “Бхарат” – бул өлкөнүн байыркы аталышы, ал эми Индия деп Британия колониясы болгондо аталып калган.