Эртең Бишкекте борбордук көчөлөр жабык болот

Эртең Бишкекте борбордук көчөлөр жабык болот. Мэриядан билдиришкендей, 29-сентябрда кайрымдуулук жарым марафону өтөт жана ага 4,5 миңден ашык адам катышат.

 

Спорттук иш-чара Ала-Тоо аянтында башталып, катышуучулар борбордук көчөлөр аркылуу чуркайт. Буга байланыштуу, таңкы саат 6дан тарта Чүй, Айтматов проспектилери, Абдрахманов, Масалиев, Иманалиев көчөлөрү тосулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.