Ошто санитардык талаптарды сактабаган 10дон ашык жай жабылды

Ош шаарында санитардык талаптарды сактабаган 10дон ашык жай жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.

 

Рейддин жүрүшүндө беш сулуулук салону, төрт тиш дарылаган, беш медициналык дарылоо борбору жабылды. Айрымдарына акт түзүлүп, эскертүү берилди.

 

Тийиштүү мекемелер аралык түзүлгөн топ мындай рейддерди ушул айдын аягына чейин улантат.