Кыргызстанга өтүп кеткен жылы 150 миңден ашык унаа импорттолду.
Январь айынан ноябрга чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Ташылган транспорттун жалпы суммасы 2 миллиард доллардан ашат.
Унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай, Түштүк Корея, Россия, АКШ, Япония жана Германиядан келген. Кошумчалап кетсек, 2022-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу, транспорт импорту 364 пайызга өстү.