Бишкекте 15 күндө кенелерден 200 адам жабыркады

Дарыгерлер кенелерден сак болууга чакырат. Бишкектин санэпидем көзөмөл борборунан билдиришкендей, 15 күндө эле 200 адам аталган курттардан жабыркап медицина кызматкерлерине жардамга кайрылды.

 

Кенелер Чүй облусунун чектеш аймактарында көп кездешет. Жаратылыш койнуна чыккандар өзгөчө этият болушу керек. Кене жабышса, аны өз алдынча суурубай, дарыгерлерге кайрылуу зарыл, — дешет адистер.