Кочкор-Атада “Нефтчи” стадиону реконструкциядан кийин ачылды

Кочкор-Атада “Нефтчи” стадиону реконструкциядан кийин ачылды.

 

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жерде ушул эле аталыштагы профессионалдык футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчуларды даярдаган академия жайгашкан.

 

Кошумчалай кетсек, “Нефтчи” клубунун ар кайсы курактагы үч балдар командасы бар, алар футбол боюнча республикалык чемпионатка такай катышып келишет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.