30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. Оюнда 3:0 эсебинде «Барселонанын» оюнчулары утту.
Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин берип, Кыргызстанда да дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар тарбияланып чыгарын айтты.
Президент Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында “Барселонанын” мурдагы футболчуларына каршы ойноду.