Бишкекте күрөш боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Турнир 8-11-январь аралыгында Спорт ордосунда болот.

 

Жалпысынан 20 комплект медаль ойнотулат.

 

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, алар эл аралык турнирлерге катышат.