Кыргызстандык эки балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Быйыл Парижде өтө турган Олимп оюндарына кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев да жолдомо алды. Эркин күрөш боюнча Бекзат Алмаз уулу лицензия үчүн күрөштө монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды жеңди. Ал эми Эрназар Акматалиев Түндүк Кореядан келген Кванг Жин Киманы утуп алды.

 

Ушуну менен Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо бар.