Бишкектин 3 жаңы конушуна кийинки жылы газ өткөрүлөт

Бишкектин 3 жаңы конушуна кийинки жылы газ өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, кеп Эне-Сай, Арча-Бешик жана Селекция конуштары тууралуу болуп жатат.

 

Быйыл көгүлтүр от Бакай-Ата, Төкөлдөш конуштарына жана Новопавловка айылдарына өткөрүлдү. Андан тышкары, газ түтүктөрүн өткөрүү боюнча иштер Ак-Босого конушунда жүргүзүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.